Кытайда дүйнөдөгү эң бийик көпүрө расмий ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай көпүрө Гуйчжоу провинциясында курулган. Жаңы курулган көпүрө дүйнөдө рекорд жаңыртып, Франциядагы атактуу Мийо көпүрөсүн артта калтырды.
Аталган көпүрө Бэйпаньцзян дарыясынын үстүнө салынып, бийиктиги 625 метрди түзгөн. Долбоор 2022-жылы башталып, 3 жыл 8 ай ичинде бүткөрүлгөн. Көпүрөнүн негизги узундугу 1420 метрди түзөт.