Иранда куралдуу кагылышуу башталгандан бери 600дөн ашык мектеп жабыркады. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, АКШ менен Израилдин чабуулдарынын натыйжасында миңден ашык окуучу жана мугалим каза тапкан же жабыркаган. Аракчи бул чабуулду аскердик кылмыш жана массалык өлтүрүү деп атап, Тегерандын учурдагы аракеттери өзүн-өзү коргоо чарасы экенин белгиледи.
Өз кезегинде БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Ирандагы кыздар мектебине жасалган сокку боюнча иликтөөнү тез арада аяктап, жыйынтыгын коомчулукка жарыялоо керектигин белгилеп өттү.