Ирандын борбордук бөлүгүндөгү Кум шаарында АКШ жана Израил тарабынан жасалган соккудан кеминде 15 адам каза болуп, дагы 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жергиликтүү бийликке таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чабуул бүгүн эртең менен Кум шаарындагы Пардисан районуна жасалган. Жабыркагандардын арасында жөнөкөй жарандар бар экени айтылууда.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып, тиешелүү кызматтар кырдаалды иликтеп жатышат.