Украина менен Сауд Арабиясы коргонуу тармагында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, Зеленский келишимге Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман аль Сауд менен жолугушуунун алдында кол коюлганын ырастаган. Андагы келишим келечектеги байланыштарды, технологиялык кызматташууну жана инвестицияларды өнүктүрүүгө негиз түзөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-мартта Украинанын президенти Сауд Арабиясына иш сапар менен барган.