Украинанын президенти Владимир Зеленский Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бен Заид аль-Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу эл аралык басылмалар билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар БАЭдеги жана аймактагы коопсуздук кырдаалын, Ормуз кысыгын тосууга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Зеленский анда Эмираттар менен коргонуу тармагында узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экенин баса белгиледи. Айтымында, бул эки өлкөнү стратегиялык перспективада бекемдеп, жарандарынын коопсуздугун жакшыртат. Ал эми БАЭ лидери Украина тарапка эксперттик колдоо жана Украина өнөктөштөрү менен бөлүшүп жаткан тажрыйбасы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле жолугушууда инвестиция, биргелешкен өндүрүш, маанилүү жана социалдык инфраструктураны коргоо системаларын модернизациялоо да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Киев менен Абу-Даби коопсуздук жана коргонуу жаатында мындан аркы кызматташууну макулдашты. Учурда эки өлкөнүн командалары келишимдин чоо-жайын тактап жатышат.