Израилдин Коргоо күчтөрү Тегерандагы убактылуу командалык пункттарга жана курал өндүрүүчү жайларга кезектеги сокку урганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, ЦАХАЛ ошондой эле баллистикалык ракеталарды өндүрүү жана сактоо жайларына, абадан коргонуу системаларына жана байкоо пункттарына да сокку урган.
«ЦАХАЛ Тегерандагы убактылуу командалык борборлорго жана курал-жарак өндүрүүчү жайларга багытталган кошумча соккулардын толкунун ишке ашырды», - деп айтылат армиянын Telegram каналындагы билдирүүдө.
Эске салсак, АКШ менен Изарил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.