Иран бийлиги Пакистан желеги илинген 20 кемени Ормуз кысыгы аркылуу өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралу Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар X социалдык тармагында билдиргенин басылмалар жазды.
"Иран өкмөтү Пакистан желеги алдында дагы 20 кеменин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө уруксат берди. Күн сайын бул кысык аркылуу эки кеме өтөт. Ирандын бул чечими жогору баага татыктуу. Бул тынчтыктын жарчысы болуп саналат жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө жардам берет. Диалог, дипломатия жана ишенимди бекемдөөгө багытталган ушундай чаралар – алдыга жылуунун жалгыз жолу", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.