Биз социалдык тармакта

Ирандын президенти кайрадан коңшу өлкөлөргө кайрылуу жасады

Ирандын президенти Масуд Пезешкян дагы бир жолу коңшу өлкөлөргө кайрылып, өз аймагын Ислам Республикасына кол салуу үчүн пайдаланууга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Х социалдык тармагына жазды.

"Эгер коопсуздукту жана өнүгүүнү кааласаңар, душмандарыбызга аймагыңарда бизге каршы согушка жол бербегиле", - деп жазган ал.

Мамлекет башчысы Иран "алдын ала сокку урбай турганын", бирок анын инфраструктурасына жана экономикалык объектилерине жасалган ар кандай чабуулдарга чечкиндүү жооп берерин баса белгилеген.

Буга чейин Иран президенти коңшу мамлекеттерге Нооруз майрамына байланыштуу кайрылган. Анда коңшу өлкөлөр менен кагылышуу ниети жок экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан