Колумбиялык ырчы Шакиранын (Шакира Изабель Мебарак Риполь) Катардын Доха шаарында Las Mujeres Ya No Lloran аттуу дүйнөлүк турнесинин алкагында өтө турган концерти 18-ноябрга жылдырылды.
Бул тууралуу концертти уюштуруучусу "Platinumlist" компаниясы жарыялады.
Айта кетсек, ырчынын Катардагы концерти буга чейин 1-апрелге пландалган болчу. Иш-чаранын мөөнөтү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жылдырылган.
"Шакиранын дүйнөлүк турне концерти 18-ноябрда болот. Доха биринчи жолу тарыхый окуяга катышат", - деп жазылган анда.