Иран Сауд Арабиясындагы "Султан" авиабазасына ракета жана дрондор менен сокку урду. Натыйжада кеминде 15 америкалык аскер жаракат алып, алардын айрымдарынын абалы оор экенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, чабуулга алты баллистикалык ракета жана ондогон учкучсуз аппараттар колдонулган. Айрым аскердик учактар да зыянга учураганы айтылууда.
Бул окуя АКШ жана Израил менен чыңалуунун күчөшүнүн фонунда болуп жатканы кошумчаланды.