Биз социалдык тармакта

ЖМК: Трамп дагы деле Ирандын Харк аралын басып алууну көздөп жатат 

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын мунайын көзөмөлгө алууну кааларын айтып, Харк аралын басып алуу ниети бар экенин жашырган жок. Бул тууралуу ал Financial Times гезитине берген маегинде айткан.

Анда Трамп мүмкүн болгон аракеттерди Венесуэладагы кырдаал менен салыштырып, АКШ ал жактагы мунай тармагын узак мөөнөткө көзөмөлдөөнү көздөп жатканын билдирген.

"Чынын айтсам, Ирандын мунайын алгым келет. Балким, биз Харк аралын алабыз, балким, албайбыз. Бизде көп варианттар бар. Менин оюмча, аларда олуттуу коргонуу жок. Биз аны оңой эле аларыбызга ишенем",- деген Трамп.

Белгилей кетсек, АКШ лидери буга чейин дагы бир нече жолу Ирандын Харк аралын алууну көздөп жатканын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан