Биз социалдык тармакта

Токиодо сакура толук гүлдөдү (видео)

Япониянын Токио шаарында сакуранын гүлдөө мезгилинин эң жогорку чеги катталды. Айрыкча популярдуу болгон сомэй-йосино сорту учурда толук гүл ачкан абалда.

Чет элдик басылмалар белгилегендей, акыркы күндөрдөгү аба ырайы дарактардын активдүү гүлдөшүнө шарт түздү. Расмий билдирүү ишемби күнү саат 14:00 чамасында Ясукуни храмы аймагындагы эталондук сакура дарагына жүргүзүлгөн байкоодон кийин жасалды. Бул убакта борбор калаанын борбордук бөлүгүндө абанын температурасы +19,4 градуска жеткен.

Адистердин айтымында, быйыл сакуранын гүлдөшү өткөн жылга салыштырмалуу эки күн эрте башталып, орточо көп жылдык көрсөткүчтөн үч күнгө эрте болду.

Токиодо сакура толук гүлдөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан