АКШ президенти Дональд Трамп Беларустун президенти Александр Лукашенкого жасаган иши үчүн ыраазычылык билдирип, аны менен "Тынчтык кеңешинин" кийинки жыйынында жолугушууну күтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Анда Трамп Лукашенко менен АКШ президентинин Беларус боюнча атайын өкүлү Жон Коул жолукканын, сүйлөшүүлөрдөн кийин 250 саясий туткундун бошотулганын белгилеп өткөн.
"Былтыр май айынан бери президент Лукашенко тарабынан бошотулган адамдардын жалпы саны 500дөн ашты. Мен бул кадамы үчүн ага терең ыраазычылык билдирем жана аны менен "Тынчтык кеңешинин" кийинки жыйынында жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам",- деп жазган АКШнын лидери.
Белгилей кетсек, буга чейин Лукашенко Минск шаарында АКШ делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Делегацияны АКШ президентинин Беларус боюнча атайын өкүлү Жон Коул жетектеген.