Биз социалдык тармакта

"Экөөбүз тең чарчадык". Зеленскийдин жубайы президенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады 

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская Fox News телеканалына маек берип, учурда бийликте туруу жолдошу үчүн оор экенин айтты.

Маектин жүрүшүндө Зеленская Владимир Зеленскийдин келечекте шайлоого катышуу боюнча чечимине таасир эте албашын белгилеп өткөн.

"Чарчатат. Биз экөөбүз тең чарчадык. Эмне үчүн Украинадагы шайлоонун өтүшү орустар жана америкалыктар үчүн мынчалык маанилүү, бирок украиндер үчүн маанилүү эмес?",- деген ал.

Белгилей кетсек, Зеленский Украинада шайлоо жаңжал аяктагандан кийин гана өтөрүн билдирип келет. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып, Зеленскийди "диктатор" деп да атаган.

Ал эми Орусия тарап учурда Украинадагы мыйзамдуу бийлик парламент экенин билдирип, Зеленскийди Украинанын президенти катары тааныбай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан