Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги Нарындагы жол кырсыгынан жабыркагандар боюнча билдирди 

Нарында катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа сүзүп кеткен эки жарандын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жабырлануучулардын сөөктөрү сынып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Эскерте кетсек, унаа кырсыгы боюнча интернет желесине видео тарады. Ал эми бул кырсык боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан