Чеченстан аймагында катуу жааган жамгырдан кийин өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, нөшөрлүү жаандан улам суу ташкыны пайда болуп, жүздөгөн үйлөрдү суу каптады. Катуу нөшөр Түндүк Кавказ боюнча 27-марттан тарта башталган.
Эң көп жабыркаган аймак катары Дагестан белгиленүүдө.