Мындан 58 жыл мурда, 1968-жылы 30-мартта "Титаник" тасмасынын саундтрегин аткарган ырчы Селин Дион туулган. Ал Канаданын Монреаль шаарында жарык дүйнөгө келген.
Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалын жеңгенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны жер шарынын көпчүлүк бөлүгү тааныган.
Ошондой эле Жеймс Кэмерондун шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган.
2022-жылдын декабрында ырчы сейрек кездешүүчү ооруга чалдыкканын жарыялаган. Бул булчуңдардын катуулук синдрому болуп, миллион адамдын биринде гана болот. Азыркы учурда оорусуна карабастан ар кандай иш-чараларга катышууга аракет кылат.
Ал 40 жылдан ашык карьерасында француз тилинде 15, англис тилинде 12 альбом чыгарган. Дион дүйнө жүзү боюнча 230 миллиондон ашык пластинкаларды сатып, аны эң көп саткан ырчылардын бири болгон.
30-марттын жылнаамасы.