АКШ президенти Дональд Трамп алдыда бутага алынуучу кийинки өлкө Куба экенин ырастады. Бул тууралуу ал АКШнын Fox News телеканалына берген маегинде билдирген.
"Ооба, Куба кийинки өлкө. Азыр Кубада баш аламандык өкүм сүрүп, кыйрап жаткан өлкөлөрдүн катарында. Кырдаал жакын арада толугу менен начарлап, АКШ жардам берүүгө жана кийлигишүүгө туура келет",- деген Трамп.
Бирок америкалык лидер Кубага байланыштуу АКШнын мындан аркы аракеттерин так атаган эмес.