Иран парламенти Ормуз кысыгы үчүн жаңы режим түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Алаоддин Боружерди билдиргенин Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, эми Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелердин коопсуздугун камсыздайт жана ал үчүн атайын акы алат.
"Парламенттин жактыруусуна ылайык, кысыкта жаңы режим орнотулат",- деп билдирген Алаоддин Боружерди.
Ошондой эле эл өкүлү кемелерге Ирандын ураксаты жок Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө транзиттик укук берилбей турганын белгилеген.