Иранда АКШ жана Израил менен куралдуу кагылышуудан 130дан ашык тарыхый эстеликке зыян келтирилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
“Дүйнөлүк жана улуттук мааниге ээ тарыхый эстеликтерге келген зыяндын саны 131ге жетти”,- деп билдирген Ирандын маданий мурастар жана туризм министрлиги.
Ошондой эле 64 туристтик объект да жабыркаган.