
АКШда өткөн массалык нааразычылык акциясына катышкандар Израилдин падышаларынан чарчашты. Бул тууралуу Ирандын президенти билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Америкалыктар “Израил биринчи” деген ураанды жактырышпайт. Алар Израил падышалары америкалык демократияны башкаргандан тажашты",- деп жазган Масуд Пезешкиан өзүнүн расмий
X баракчасына.
Белгилей кетсек, 28-мартта АКШ боюнча миңдеген адамдар көчөгө чыгып, "No Kings" (Падышаларга, жок!) урааны менен өлкө президенти
Дональд Трамптын жана анын администрациясынын саясатына каршы масштабдуу нааразычылык акцияларын
өткөрүштү.