Бүгүн, 30-мартта Күн бетинде жогорку деңгээлде X класстагы күчтүү жарылуу катталды. Бул тууралуу Орусиянын Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.
Адистердин айтымында, жарылуу саат 09:19да катталган. Мындай деңгээлдеги кубулуш акыркы жолу быйыл 4-февралда байкалган.
Окумуштуулар жарылуудан кийин пайда болгон плазма булуту космостук абалга таасир этиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.