Испания Украинага абадан коргонуу үчүн Patriot PAC-2 ракеталарын жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, Испания Украинага болжол менен 15 миллион евро өлчөмүндө жардам бөлөт. Ошондой эле жалпысынан беш даана ракета белекке берет.
Мындай жардам Педро Санчес менен Владимир Зеленскийдин март айында Мадридде өткөн жолугушуусунан кийин тастыкталган. Бул Испаниянын Киевге биринчи жолку жардамы эмес, буга чейин 2024-жылы да бир нече ракета жөнөткөн.