Биз социалдык тармакта

"Акылга сыйбайт". Иран АКШнын 15 пункттук тынчтык планына макул эмес

Иран тарап АКШнын чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган 15 пункттук планынын долбоорун реалдуу эмес деп баалады. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Андагы маалыматка ылайык, Тегеран АКШ берген 15 пункттук сунушта талаптар көп экенин белгилеп, макул эместигин билдирген. Ошондой эле ТИМ өкүлү Иран учурда бардык аракеттерин өз коопсуздугун камсыздоого багыттап жатканын айткан.

"Реалдуу эмес, акылга сыйбаган жана ашыкча талаптарды камтыйт",- деген Исмаил Багаи АКШнын тынчтык планы тууралуу.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран тарап АКШ сунуштаган тынчтык планынын негизги бөлүгүнө макул болгонун билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан