Биз социалдык тармакта

АКШ, Гренландия жана НАТО ортосунда жаңы келишим даярдалууда

АКШ НАТО жана Гренландия менен биргеликте АКШ үчүн “өтө пайдалуу” боло турган жаңы келишимдин үстүндө иш алып барууда. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, бул келишим АКШнын кызыкчылыгына жооп берип, стратегиялык мааниге ээ болушу мүмкүн. Бирок Ак үй келишимдин так мазмуну тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Ошондой эле Ак үй АКШ президенти Дональд Трамп менен байланышы бар делген үч адам боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Буга чейин даниялык ЖМКлар алар Гренландияда жашыруун таасир этүү иштерин жүргүзүп жатат деп жазышкан.

Маалыматтарга караганда, сөз АКШнын Энергетика министрлигинин мурдагы кеңешчиси Дрю Хорн, Арктика боюнча президенттин кеңешчиси Томас Данс жана Ички коопсуздук боюнча консультативдик кеңештин мүчөсү Крис Кокс тууралуу болушу мүмкүн.

Бул жагдай Даниянын чалгын кызматтары тарабынан да көзөмөлгө алынганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан