Аргентинадагы мектептердин биринде окуучу ок атуучу курал менен кирип, ок чыгарды. Натыйжада 13 жаштагы окуучу каза болуп, дагы эки окуучу жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн жашы 15-16 чамасында. Окуядан кийин мектептеги сабактар токтотулду.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.