Сауд Арабия Ормуз кысыгын айланып өтүүчү “Чыгыш–Батыш” түтүк жолун колдонуп, мунай экспортун кескин көбөйттү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, аталган түтүк жолунун өткөрүү жөндөмү күнүнө болжол менен 7 миллион баррелге жетти.
Бул маршрут Перс булуңундагы тар жана коркунучтуу жолдорду четке кагып, мунайды Кызыл деңизге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ормуз кысыгы жабылган соң танкерлер Янбу портунун багытына бурулду, азыр бул порт аркылуу күнүнө 5 миллион баррель мунай экспорттолууда.
Күнүнө түтүк жол аркылуу өтүп жаткан 7 миллион баррель мунайдын 2 миллион баррели Сауд Арабиясынын мунай иштетүүчү ишканаларына багытталат. “Чыгыш–Батыш” түтүк жолу 1980-жылдары курулган, кризистик учурлар жана блокада үчүн резервдик маршрут катары каралган. Ал өлкөнүн чыгышындагы кен жерлерин Кызыл деңиздеги терминалдар менен туташтырат.
Kpler компаниясынын маалыматына ылайык, мурда Ормуз кысыгынан күнүнө болжол менен 15 миллион баррель мунай өткөн болсо, 1-марттан 26-март аралыгында көлөмү 95 пайызга азайды. 25-мартта Иран бийлиги Кытай, Орусия, Индия, Ирак, Пакистан жана Малайзиянын кемелерине бул жол аркылуу өтүүгө уруксат берди.