Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн акы алууга жол бербейт

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Иранга Ормуз кысыгв аркылуу өткөн кемелерден акы алууга уруксат бербей турганын билдирди. Ал бул тууралуу 30-мартта ABC News телеканалына берген маегинде айткан.

Анын айтымында, Иран кысыкты туруктуу көзөмөлгө алып, өтүү үчүн төлөм системасын киргизүүнү көздөп жатат. Бирок АКШ мындай аракеттерге жол бербейт жана бул маселени алдын алуу үчүн президенттин бир нече варианты бар.

Рубио конкреттүү чаралар тууралуу маалымат берген жок жана аскердик тактиканы талкуулабай турганын белгиледи. Ал тиешелүү суроолорду Пентагонго багыттады.

АКШ бул максатка жетүүнү бир нече айда эмес, жакынкы жумаларда ишке ашырууну көздөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан