АКШнын президенти Дональд Трамп 6-апрелге чейин Иран менен келишимге жетишүүнү көздөп жатканын Ак үй дүйшөмбү күнү жарыялады.
"Президент Truth Social сайтындагы билдирүүсүндө 10 күндүн ичинде келишимге жетишүүнү кааларын белгиледи. Убакыт өтүп баратат. Бизге бир нече күн калды. Калган убакытта эмне болорун көрөбүз",- деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт брифингде.
26-мартта Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатканын билдирген, ошондуктан АКШ Ирандын электр станцияларына пландалган соккуларды 6-апрелге чейин токтотууну чечкен.