Биз социалдык тармакта

Дмитрий Бивол Екатеринбургда кезектеги беттешин өткөрөт

Абсолюттук дүйнө чемпиону, жарым оор салмактагы белгилүү мушкер Дмитрий Бивол жакын арада кезектеги кармашын өткөрөт. Анын бул жолку беттеши Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп, атаандашы германиялык боксчу, IBF версиясы боюнча чемпиондук наамга милдеттүү талапкер Михаэль Айферт болот. Кармаш 30-май күнү "УГМК-Аренада" уюштурулуп, RCC Boxing өткөрчү бокстук кеченин негизги окуясы катары белгиленди.

Бул беттеш Дмитрий Бивол үчүн RCC уюмунун алдындагы экинчи кармаш болуп саналат. Буга чейин ал Урал аймагында Умар Саламовго каршы чыгып, WBA чемпиондук наамын ишенимдүү коргогон.

Дмитрий Бивол учурда жарым оор салмактагы эң күчтүү жана туруктуу чемпиондордун бири катары бааланат. Ал 2022-жылы атактуу мексикалык мушкер Сауль Канело Альварести жеңип, чоң сенсация жараткан. Бул жеңиш өзгөчө мааниге ээ болгон, анткени Канело ошол учурга чейин тогуз жыл бою жеңилип көргөн эмес. Учурда Бивол WBA, WBO, IBF жана IBO версиялары боюнча чемпиондук курларга ээ.

Анын атаандашы Михаэль Айферт да акыркы жылдары ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ал сегиз жылдык карьерасында IBF уюмунун интерконтиненталдык чемпиону болуп, Канадада тажрыйбалуу боксчу Жан Паскальды жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан