Үч мүнөт жетиштүү болгон... Италиядагы музейден миллион евролук сүрөт уурдалды
Италиянын Парма провинциясындагы музейден белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары уурдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтарга караганда, уурдалган эмгектер белгилүү сүрөтчүлөр: Пьер Огюст Ренуар, Анри Матиссжана Поль Сезанн тарабынан тартылган. Уурдалган сүрөттөрдүн жалпы баасы болжол менен 9 миллион еврону түзгөн. Анын ичинде Ренуардын бир гана сүрөтү болжол менен 6 миллион евро турары белгилүү болду.
Окуя быйыл 22-марттан 23-мартка караган түнү болгон. Анда музейге кирген беткапчан төрт адам 3 мүнөттүн ичинде сүрөттөрдү имараттан чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жергиликтүү полиция кылмышкерлер алдын ала даярданып, так аракет кылышканын жана имараттагы үн сигналы иштеп кеткендиктен, үч гана сүрөттү уурдаганын болжолдошкон.