Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстандагы эң бою узун деп саналган Жеңишбек Райымбаев жана Нурлан Алишеров (Ташчайнар) менен жолугушууда “өзгөчө көңүл бурууну талап кылган адамдарга жардам берген атайын долбоорлор иштесе жакшы болмок” деп билдирди. Бул тууралуу 24-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
“Ар бирибиз жаныбызда өзгөчө көңүл бурууга муктаж адамдар жашап жатканын унутпашыбыз керек. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бир жолу жардам берүү менен чектелбешибиз керек”,- деди министр.
Маалыматка ылайык, I топтогу майып Жеңишбек Райымбаев министрликтин алдындагы реабилитациялык борбордо толугу менен дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Андан кийинки коюлган диагнозуна жараша жазында Ысык-Көлдөгү санаториялардын бирине жолдомо берилет.
Мындан сырткары министр Нурлан Алишеровдун аялына да жардам берүүнү убада кылды.