Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгындагы 47 жылдык "меймандостук" аяктаганын жарыялады

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Эбрахим Азизи Ирандын Ормуз кысыгындагы 47 жылдык "меймандостугу" аяктаганын, деңиз жолу эми Ирандын жаңы мыйзамдарына баш ийгендер үчүн гана ачык болорун билдирди.
"Трамп (ред.: АКШ президенти) акыры "режимди өзгөртүү" кыялына жетти, бирок аймактын деңиз жолу режимине карата! Ормуз кысыгы, албетте, ачылат, бирок баары үчүн эмес. Ал Ирандын жаңы мыйзамдарына баш ийгендер үчүн ачык болот. 47 жылдык меймандостук аяктады",- деп жазган ал Х социалдык тармагына.
Буга чейин Иран Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууну ачууга макул болбосо, Вашингтон ар кандай чараларды колдонууга даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан