АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы согуш жакынкы 2-3 жуманын ичинде аякташы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 1-апрелге караган түнү Ак үйдө журналисттерге маек берип жатып айткан.
Анда АКШнын лидери Иран менен келишим түзүлбөсө да, чабуулдар токтотуларын белгилеген. Ал башкы максат - Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө болгонун жана АКШ бул максатка жеткенин айтып өткөн.
"Биз жаңжалды аяктап жатабыз. Бул дагы эки жумадай, балким, дагы бир нече күн созулат. Бирок биз аларда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кылгыбыз келет",- деген Трамп.
Ошондой эле Трамп Иран тарап пландап жаткан Ормуз кысыгы боюнча блокада АКШ үчүн маселе эмес экенин, бирок Европа кемелери үчүн көйгөйгө айланышы мүмкүндүгүн айткан.