Орусиянын президенти Владимир Путин Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бен Заид аль-Нахайян менен телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматына таянып, орусиялык басылмалар жазышты.
Сүйлөшүүдө тараптар аймактагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна олуттуу тынчсыздануусун билдирип, согуштук аракеттерди тез арада токтотуу зарылдыгын белгилешти.
Алар аймактагы бардык мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын эсепке алуу менен конфликтти тынчтык жолу менен чечүү боюнча дипломатиялык аракеттерди активдештирүүнү сөз кылышты.
Кремль Орусия Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен салттуу достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди колдой турганын белгиледи.