Биз социалдык тармакта

Футбол: Италия үчүнчү ирет катары менен Дүйнө чемпиондугуна катышпайт

Италиянын фубол боюнча улуттук командасы плей-офф раундунун акыркы беттешинде Босния жана Герцеговина курамасына пенальтилер сериясында утулуп, жолдомодон куру калды.

Беттеш Зеница шаарында өтүп, негизги убакыт 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча убакытта дагы эсеп өзгөргөн жок. Натыйжада жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталып, анда босниялыктар 4:1 эсебинде үстөмдүк кылышты.

Бул жеңилүү менен Италия тарыхында үчүнчү ирет катары менен дүйнөлүк чемпиондукка катышпай калды. Буга чейин курама 2018-жылкы жана 2022-жылы Футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна да жолдомо ала алган эмес.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул ирет турнирге 48 команда катышып, дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң ири чемпиондук болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан