ЖМК: Ормуз кысыгынан акы алуу мунайдан түшкөн кирешеден эки эсе көп болот
Ормуз кысыгынан өтүүдө акы алуу Иранга мунайдан түшкөн кирешеден эки эсе көп пайда алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин мамлекеттик кызматкер Мохаммад Мохбер билдирген.
Анын айтымында, кысык аркылуу өткөн танкерлерден төлөм алуу Иран үчүн өтө кирешелүү булакка айланат.
Буга чейин Иран парламентинин комиссиясы Ормуз кысыгы боюнча мыйзам долбоорунун алдын ала вариантын жактырган болчу. Аталган мыйзам долбоорунда төмөнкү чаралар каралган:
Кысык аркылуу өткөн кемелерден Иран тарабынан акы алуу;
АКШ жана Израил кемелерине өтүүгө тыюу салуу;
Иранга каршы санкция саясатын колдогон өлкөлөр үчүн да чектөөлөр киргизүү;
Оман менен биргеликте укуктук режим түзүү.
Бул демилгелер ишке ашса, Ормуз кысыгы аймактагы эң маанилүү экономикалык багыт болот. Анткени дүйнөдөгү мунай жеткирүүнүн чоң бөлүгү дал ушул кысык аркылуу өтөт.