Биз социалдык тармакта

Крымдагы авиакырсык: 29 адамдын өмүрү кыйылды

Крымда Ан-26 аскердик-транспорттук учагы кулап, анын ичинде болгон 29 адамдын баары каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, кырсык мындан 1 күн мурун пландуу учуу учурунда болгон. Учак менен байланыш эрте эле үзүлүп, кийинчерээк ал аскага урунганы аныкталган.

Издөө-куткаруу тобунун маалыматына ылайык, кырсык болгон жер табылып, борттогу бардык адамдар каза болгону тастыкталды. Анда алты экипаж мүчөсү жана 23 жүргүнчү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн. Учакка сырттан кандайдыр бир таасир болгон белгилер катталган эмес. Учурда окуя болгон жерде аскердик мекеменин комиссиясы иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан