Индонезия бийлиги күйүүчү май тартыштыгынын алдын алуу үчүн жаңы чараларды киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми бир унаага субсидияланган бензинди күнүнө 50 литрден ашык сатып алууга болбойт. Чектөө 2026-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирди. Ал эми күйүүчү май атайын санарип систем аркылуу көзөмөлдөнөт.
Ошондой эле өкмөт мамлекеттик кызматкерлерге жума күнү аралыктан иштөөнү милдеттендирди. Бул чара жол кыймылын жана күйүүчү май колдонуу көлөмүн азайтууга багытталган. Жеке компанияларга да ушундай иш тартибин киргизүү сунушталды.
Белгилей кетсек, мындай кадам дүйнөлүк мунай баасынын өсүшүнө байланыштуу кабыл алынган. Баанын кымбатташы АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу менен түшүндүрүлүүдө.