Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда жасалма жол менен жаан жаадыруу пландалууда 

Өзбекстанда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жол менен жаан-чачын чакыруу пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин абанын сапатын жакшыртуу боюнча жарлыгында жазылган.

Андагы маалыматка ылайык, өлкөдө этап-этабы менен жаанды жасалма жаратуу жана жасалма шамал технологиялары киргизилет. Учурда тапшырмалар тиешелүү мекемелерге берилген.

Ага ылайык, 2027-жылдын 1-октябрына чейин Ташкент шаары жана облусунда нымдуулугу төмөн аймактарга жаан-чачынды жасалма чакыруучу атайын жабдуулар орнотулат. Бул чаралар борбор калаадагы абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

Натыйжада жаан-чачындын көлөмүн табигый деңгээлге салыштырмалуу 10-20 пайызга көбөйтүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан