Алмазбек Атамбаев мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 24-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы 23-январь күнү Ысык-Көл облусунун чек ара аймагында кылмышкерлерди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция тууралуу толук маалымат алды.

Райимберди Дүйшөнбиев Ысык-Көл облустук мергенчилер жана балыкчылар башкармалыгынын башчысын өлтүргөн кылмышкерлердин тобу курчалгандан кийин да багынбаганын маалымдады. Андан соң жүргүзүлгөн операциянын  натыйжасында 11 адам өлтүрүлгөнүн айтты. 

Мындан сырткары чек ара кызматынын башчысы кылмышкерлердин жанында экстремисттик маанайдагы буюмдар табылганын кошумчалап, азыркы тапта алардын өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгилеп өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан