Биз социалдык тармакта

АКШдагы өспүрүмдөр арасында Эпштейндин аты аталган оюн тарап жатат 

АКШдагы өспүрүмдөр арасында "Беш түн Эпштейн менен" аталышындагы оюн популярдуулукка ээ болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду бөлүштү.

Андагы маалыматка ылайык, аталган оюн америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин айланасындагы окуяларды чагылдырат. Анда оюнчулар Эпштейндин аралында беш түн тирүү калууга аракет кылышат.

Оюн реалдуу болуу үчүн АКШнын Юстиция министрлиги тарабынан жарыяланган сүрөттөр колдонулган. Жаш балдар арасында белгилүү болуп жаткан оюндан Эпштейнден тышкары, Дональд Трамп жана Стивен Хокингдин да сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Оюн расмий коммерциялык продукт эмес болгондуктан, аны көзөмөлдөө жана өчүрүү кыйын болуп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан