"Кыргызстан "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен соттошуудан коркпошу керек",- дейт депутат Жылдыз Жолдошова "Ата Журт" фракциясынын 24-январдагы жыйынында. Айтымында, маселе боюнча өкмөт жеткиликтүү иштебей жатат.
"Соттошуудан эмнеге коркобуз? Экологиябыз бузулдубу, ооба. Коррупциялык иштер болгонбу, болгон. Соттошуудан качканыбыз болбойт",- деди депутат.