Биз социалдык тармакта

Костанайда топ жигиттер полиция кызматкерин ур-токмокко алышты (видео)

Казакстандын Костанай шаарында мас абалындагы бир топ жигиттер полиция кызматкерине кол салышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып, интернет желесине окуянын видеосу тарады.

Маалым болгондой, укук коргоо кызматкери өзүнүн балдары менен короодон өтүп бара жатып, тартип бузган топ балдарга эскертүү берген. Алар мас абалында болгондуктан оройлук көрсөтүп, полиция кызматкерин катуу ур-токмокко алышты. Учурда кол салгандар кармалып, кылмыш иши козголду.

Жабыркаган кызматкер амбулатордук дарыланууда экендиги кошумчаланды.

Костанайда топ жигиттер полиция кызматкерин ур-токмокко алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан