Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Донбасс боюнча жаңы талаптарды койгонун билдирди. Бул тууралуу ал Украинанын Буча шаарында өткөн эл аралык жыйында айтты.
Анда Зеленский эгер бул талап аткарылбаса, Орусия кошумча шарттарды коё турганын белгилеген. Бирок Украинанын президенти мындай талаптар аткарылган күндө да согуш токтобой турганына ишенерин билдирип өткөн.
"Орусия АКШ тарапка “эки ай ичинде Украинанын чыгуусун билдирип, тактап айтканда, Донбасс аймагын басып алабыз” деген маалымат берген. Ошондуктан Украинага эки ай убакыт берилип жатат",- деген Зеленский.
Ал эми айрым чет элдик маалымат каражаттары Орусиянын президенти Владимир Путин Донбассты толук көзөмөлгө алганга чейин согушту уланта турганын билдиргенин жазышты.