Биз социалдык тармакта

ФИФА башчысы Иран курамасын Дүйнө чемпиондугуна чыгышы менен куттуктады

Жанни Инфантино жетектеген Эл аралык футбол федерациясы Ирандын футбол боюнча улуттук курамасын 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышы менен куттуктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал Түркиянын Анталия шаарында өткөн жолдоштук беттешке катышып, анда Иран курамасы Коста-Риканы 5:0 эсебинде ири жеңиш менен уткан. Инфантино оюндан кийин футболчулар жана машыктыруучулар штабы менен жолугуп, аларга ийгилик каалаган.

ФИФА башчысы өз билдирүүсүндө Иран курамасы миллиондогон күйөрмандарга сыймык тартуулаганын белгилеп, оюнчуларды дүйнөлүк аренада адамгерчилик жана биримдик тууралуу позитивдүү билдирүү жеткирүүгө чакырды.

Ошондой эле ал улуттук курама үчүн ойноо чоң жоопкерчилик экенин баса белгилеп, футболчуларды өз элинин кыялдарын ишке ашырууга шыктандырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан