2013- жылы Ош облусуна бөлүнгөн каражат толугу менен берилген эмес

Ош облусунда объектилердин курулушуна, реконструкциясына, кеңейтилишине жана техникалык жактан кайра жабдылышына 2013-жылы негизги капиталга 4 миллиард 453,5 миллион сомдук инвестициялар пайдаланылган. Бул өткөн жылга салыштырганда 11 пайызга көп. Мындай маалыматты 23-январда өткөн облустук жыйында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылга республикалык бюджеттен 59 объектинин курулушу пландаштырылып, республикалык бюджеттен 557,3 миллион сом каралган. Былтыркы жылы 444,2 миллион сом каржыланган жана облус боюнча жалпысынан республикалык бюджеттин эсебинен 10 мектеп, 1 оорукана, 1 ФАП жана бир 3 бөлмөлүү үй пайдаланууга берилген. Ошондой эле ушул жылы республикалык бюджеттин эсебинен 32 мектеп, 10 оорукана, 5 спорттук зал жана 2 балдар бакчаларынын курулуш иштери улантылып жаткандыгы айтылды.

Сооронбай Жээнбеков 2013-жылга республикалык бюджеттен 59 объектинин курулушуна каралган 133,1 миллион сом акча толугу менен каржыланбай калгандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан