АКШ бийлиги Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригеске каршы мурда киргизилген санкцияларды алып салды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка караганда, өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Каракас менен өз ара аракеттенүүнү конструктивдүү деп эсептей турганын белгилешет.
Reuters жазгандай, Родригес өзүнө каршы санкциялардын алынышын Венесуэла менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жасалган кадам деп атаган.
Эске салсак, Венесуэланын вице-президенти болуп иштеген Родригес 5-январда өлкөнүн убактылуу президенти катары ант берген. Ага чейин өлкөнү Николас Мадуро жетектеген.
Мадуро 3-январга караган түнү АКШ армиясы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалган. Операцияга "Дельта" атайын бөлүгү катышкан. АКШ бийлиги Николас Мадурону наркотерроризм жана баңгизаттарды аткезчилик жол менен ташууга байланыштуу айыптоодо.
Көп өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Венесуэланын азыркы өкмөтүн өлкөнүн мыйзамдуу бийлиги деп эсептей турганын жарыялаган.