Украина энергетика тармагын калыбына келтирүү үчүн Канададан 14,4 миллион доллар өлчөмүндө каржылык жардам алат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Юлия Свириденко өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
"Биз Канаданын өлкөбүздү бекемдөөдөгү ырааттуу колдоосун, энергетика тармагына кошуп жаткан салымын жогору баалайбыз",- деген премьер.
Ошондой эле ал ардагерлерди колдоо фондун түзүүдө кызматташууга даярдыгы үчүн Канадага ыраазычылык билдирди.
Газета.ру жазгандай, буга чейин Еврокомиссия Орусиянын тоңдурулган активдеринен 1,4 миллиард евролук кирешени жакын арада Украинага которору кабарланган. 1-апрелде Евробиримдиктин өкүлү Кажа Каллас Евробиримдик Киевге Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн пайдадан кошумча 80 миллион евро бөлгөнүн жарыялаган.