АКШнын президенти Дональд Трамп Иран өзүнүн өзөктүк объекттерин калыбына келтирүүгө аракет кылса, америкалык аскерлер кайрадан ракеталык сокку урууга даяр экенин айтып, Иран тарапка эскертүү берди. Бул тууралуу Трамп Ирандагы кырдаал боюнча сүйлөп жатып айткан.
Анда Трамп АКШ Ирандын өзөктүк объекттеринин баарын талкалаганын белгилеп өткөн.
"Эгерде алардын кандайдыр бир кадам жасап жатканын көрсөк же жөн гана пландап жатышканын билсек, биз кайрадан абдан күчтүү ракеталык сокку урабыз",- деген Трамп.